No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 18.04.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home

Эл аралык бейөкмөт уюму экс-президент Отунбаевага эл аралык сыйлык тапшырды

02.11.2018

“Search for Common Ground” («Жалпы кызыкчылыктарды издөө») эл аралык бейөкмөт уюму Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгын тапшырды.

Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунан кабарлашты.

Сыйлык тапшыруу аземи 1-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өттү. Бул күнү ошондой эле чечилбес чыр-чатактарды жана зомбулуктарды жөнгө салууга салым кошкон дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн белгилүү инсандарына да аталган сыйлык ыйгарылды.

Отунбаеваны бул сыйлыкка “Search for Com­mon Ground” уюму 15-сентябрда көрсөткөн. Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө экс-президентке бул сыйлык көп түрдүүлүккө, маданиятка жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылары жазылган.

“Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуясынан кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеди. Ар кандай саясий күчтөрдүн жана жааттардын кысымына карабастан, Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамын кабыл алуу боюнча жоопкерчиликтен качкан жок.

Бул чечим өлкөнүн президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүсүнө өбөлгө түздү. Роза Исакованын кара кылды как жарган калыстыгы жана бейтарап турумду бекем кармай алгандыгы өлкөдөгү кырдаалдын ырааттуу түрдө тынч нукка салынышына мүмкүндүк берди. Борбор Азиянын эгемен тарыхында биринчи аял лидер болгон Роза Исаковна Отунбаева бул чөлкөмдө бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу өткөрүп берди”, - деп негиздеген өз чечимин аталган уюм.

“Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгы бир нече жылдан бери тынчтыкты курууга салым кошкон жана чыр-чатактарды чечүүгө көмөк кылган адамдарга берилип келет.

Алардын ичинде АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер, боксчу Мухаммед Али жана Түштүк Африка Республикасындагы биринчи кара терилүү архиепископ Десмонд Туту да бар. Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал 2010-жылы төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, ошол эле жылы референдум аркылуу президент болуп шайланган. Өлкөнү 2011-жылга чейин жетектеген. Учурда фонд түзүп, коомдук иштер менен алек болуп келет.

 

 

Tags: Search for Common GroundРоза Отунбаевасыйлыкэкс-президент

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

Иран частично открыл воздушное пространство после эскалации

18.04.2026
Кыргызстан

Россия и Центральная Азия усиливают координацию внешней политики

18.04.2026
Новости

США смягчают ограничения на российскую нефть до 16 мая

18.04.2026
Новости

Ормузский пролив открыт. Иран снял ограничения на судоходство

18.04.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане растёт число молодых пациентов с болезнями сердца

18.04.2026
Кыргызстан

Поддержка России усиливает кардиологию Кыргызстана

18.04.2026
Аналитика

Административная реформа в Кыргызстане. Страна готовится к новой модели управления

17.04.2026
Кыргызстан

Комплекс имени Айтматова за 150 млн сомов возводят в Шекере

17.04.2026
Кыргызстан

Учения «Безопасность-2026». В Караколе введут комендантский час

17.04.2026
Безопасность

Смертельный наезд в Чуйской области. Пятилетняя девочка погибла

17.04.2026
Безопасность

На борту рейса Бишкек–Ош произошел инцидент с кислородом

17.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире