Бишкекте, Чолпон-Атада жана Ошто «Оймо» 2019 эл аралык фестивалы өтөт, ал түрдүү өлкөлөрдүн жана элдердин кол өнөрчүлөрүнүн маданиятын көрсөтүүгө арналган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы маалымдады.
Фестиваль борбор калаада 25-28-июлда өтөт. Аны Курманжан Датканын аянтында, «Дубовый Парк» галереясында жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында болот.
«Чолпон-Атада фестиваль 29-июлдан 4-августка чейин Борбордук оюн аянтчасында (Экоборбордун каршысында) өткөрүлөт. Ошто 16 – августта борбордук аянтта жана «Сулайман-Тоо» музейинде өткөрүү пландаштырылууда, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле фестивалдын алкагында Казакстандан, Тажикстандан, Афганистандан, Өзбекстан, Грузия, Россия жана Индия кол өнөрчүлүк өз продукцияларын көрсөтө ала турган жарманке болуп өтөт.