No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 12.02.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Политика

Эрдоган: Түркия бизнесмендеринде Кыргызстандын экономикасына ийгиликтүү инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар

26.10.2018

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге Бишкек шаарында кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты.

Түркия Президенти Кыргызстанда эки күндүк расмий визит менен жүрөт.

Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган жылуу кабыл алганы үчүн Президентке жана кыргыз элине ыраазычылык билдирип, болуп өткөн жолугушуулар эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя экенин жана эки мамлекеттин достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ача турганын белгиледи.

Ал түркиялык бизнесмендер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошооруна ишеним билдирди. Аларды кыргыз кесиптештери менен активдүүрөөк кызматташууга чакырды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган транспорттук-авиациялык инфраструктураны жакшыртууга, ошондой эле туризм, билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу чөйрөлөргө түркиялык бизнесмендердин көңүлүн бурду.

Ошону менен бирге ал түркиялык бизнесмендер Кыргызстанда жигердүү иштешип, жаңы жумуш орундарын түзүп жатышканын эске салды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган доллардын Түркиянын экономикасына тийгизип жаткан таасирин белгилеп, ошону менен бирге Түркия өз валютасын колдонуу менен Кытай жана Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирип жатканын баса белгиледи жана ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүгө чакырды.

Түркия лидери чет өлкөлүк инвестицияларды коргоого даяр экендиги тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун сөздөрүн канааттануу менен белгиледи жана Түркиянын ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салышарына ишендирди.

Ал кечээ, 1-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 12 документке кол коюлганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө умтулуусунун көрсөткүчү экенин эске салды.

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан боордош өлкө экенин, Түркиянын бул өлкө менен өзгөчө, достук мамилелери бар экенин баса белгиледи.

Tags: бизнесдостукКыргызстанпрезидентРежеп Тайип ЭрдогансапарТуркияэкономика

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Переговоры о мире с Трампом: взгляд из Кремля

11.02.2026
Кыргызстан

Байсалов заявил, что выборы президента пройдут в январе 2027 года

11.02.2026
Кыргызстан

Иссык-Кульскую область переведут на капельное орошение - Торобаев

11.02.2026
Кыргызстан

Байсалов оценил роль Ташиева в обеспечении стабильности

11.02.2026
Безопасность

В Чуйской области мужчина застрелен после пьяной ссоры

11.02.2026
Кыргызстан

Кыргызстан экспортирует агропродукцию в более чем 60 стран

11.02.2026
Безопасность

Бекболот Талгарбеков проходит допрос в МВД

11.02.2026
Новости

В Нью-Йорке зафиксирован рост интереса украинцев к гражданству РФ

11.02.2026
Безопасность

В ГКНБ назначены два новых заместителя председателя

11.02.2026
Безопасность

В Кыргызстане создана Служба государственной охраны

11.02.2026
Кыргызстан

Погранслужба Кыргызстана выведена из структуры ГКНБ

11.02.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире