Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өткөн жылы мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик ишканаларда 2,3 миллиард сом суммадагы мыйзам бузууларды тапкан.
Бул туурасында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын парламентинин бүгүнкү отурумунда айтып берди.
«2018-жылдын жалпы санында 2425 объект боюнча 203 Аудитордук иш-чара өткөрүлгөн. 2 млрд 321 млн сомго каржы бузуулары аныкталды. Республиканын бюджетине 1 млрд 405 млн сом кайтарылды, калган 1 млрд 621 млн сом да орду толтурулууга тийиш», – деп белгиледи Марипов.
Мындан тышкары ал 2018-жылы максатсыз пайдаланылган акча каражаттары 870 млн сом табылгандыгын билдирди. Алардын ичинен 80 млн сом кайтарылып берилүүгө тийиш, факт боюнча 60 млн сом кайтарылып берилген.
Ошондой эле Марипов Эсептөө палатасынын аудиторлорунун акчалай үлүшүнүн өлчөмү жөнүндө маалымдады.
«Төраганын эмгек акысы 26,5 миң сомду, аудитор 18,9 миң сомду, инспекторлор 13 миң сомду түзөт. Бул суммаларга дагы эмгек стажы үчүн кошумча үстөк акылар кошулат», — деди ведомствонун төрагасы.