Германиянын мамлекеттик чек арасында героиндин чоң партиясын кармашты – 670 килограмм. Баңгизат Кыргызстандан келген жүк ташуучу унаадан табылган. Ал түрк бал, рахат-лукума жана Халва түрүндө алып келинген.
Документтерде ЖЧК “Элит Шоко” көрсөтүлгөн. Аталган фирма Кыргызстандын борборунда, Шевченко көчөсүндө жайгашкан. Республикадан чыккан жүктүн акыркы пункту Бельгия болгон. Жүктүн жалпы салмагы 20 тоннаны түзөт.
Тергөө органдары белгилегендей, жүк 2 тоннага көп болгон.
«Ар бир 1,3 кг наркотик кичи-контейнерлерге салынган. Героин Ооганстандан алынып келинген деп божомолдоого болот. Сатуудан түшкөн сумма 40-50 млн еврону түзмөк», – деди билдирүүдө.
Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу 63 жаштагы турк Озон Сулейман болгон.
Маалыматка ылайык, ал узак убакыт бою Бишкекте жашап келүүдө. ЖЧК “Элит Шоко” чейин Кыргызстандын борборундагы башка кондитердик фирмада иштеген.
Ошондой эле бүгүн республиканын ички иштер министрлигинде “Элит Шоко” кондитердик цехинин жетекчиси Аида Жолдошеваны суракка чакырганы белгилүү болду.