Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.
Маалыматта бул чечим Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай кабыл алынганы айтылат.
Бүгүн, 31-октябрда КСДП партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Анда 2019-жылдын 6-апрелинде партиянын XVIII съездин чакыруу макулдашылган.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина КСДП партиясынын төрагасынын орун басары болуп тандалган.