Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, катышкан делегаттардын добушу менен президент Жыргалбек Саматов кызматынан алынды.
Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясын жетектөөдөн баш тартты
Андан кийин дароо эле талапкерлер сунушталып, шайлоого киришкен. Натыйжада көпчүлүктүн колдоосу менен Искендер Кадыркулов федерациянын президенттигине шайланды.
Курултайдын катышуучулары Саматов Астанада өткөн Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциацияга барбай, Кыргызстандын намысын талашпай койду деген жүйө келтиришти. Экинчи себеби — ал Эл аралык көк бөрү федерациясынын баш катчысы болгондуктан Кыргызстандын федерациясын жетектей албайт.
Искендер Кадыркуловду тандап алганынын себеби, ал көп убакыттан бери федерациянын жашоосунда катышып, жардам берип келет. Ошондой эле ал бул иштен жакшы кабардар жана болгон күчүн жумшайм деп сөз берди.
Фото: kabarlar.org