Күбөлөрдүн айтымында, жеңил авто унаадан
эч нерсе калган эмес.
Бул күнү, болжол менен саат 6:55 чамасында троллейбус менен жеңил авто унаанын коркунучтуу жол кырсыгы болду.
Күбөлөрдүн айтымында, №17 троллейбус Юнусалиев (Мурдагы Карл Маркс көчөсү) менен батышты көздөй бараткан. Суванбердиев көчөсүнүн кесилишинен каршы тилкеден жеңил авто унаа чыга калып, кагышуу болгон.
Жеңил авто унаанын айдоочусу ошол жерден көз жумган. Троллейбустун айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бишкек троллейбус башкармалыгы жана ГУОБДД кызматкерлери кырсык болгон жерге дароо жетип келди. Проспектте кыймыл калыбына келтирилди.
“Ошол учурда эрте болгондуктан жүргүнчүлөр аз болгон. Бактыга жараша, алардын бири жабыркаган жок “, – деди күбө.
Сүрөт: Кактус Медиа.