Бул тууралуу штаттын бийлиги кабарлоодо. Калифорниянын түндүк бөлүгүндөгү чоң өрттөн ушул шейшемби күнгө карата 48 кишинин өмүрү кыйылганы аныкталды.
Курмандыктарынын чыныгы саны андан да көбөйүшү мүмкүн. Анткени 228 адам эмгиче дайынсыз деп саналууда. Өлгөндөрдүн баарынын сөөгү Парадайс шаарынан табылган. Бул шаарда 7000ден ашуун үй керектен чыкты.
Штаттын бийлигинин маалыматына караганда, бир жумадан бери уланып жаткан өрттөн улам 150 миңдей киши үй-жайын таштоого аргасыз болду. Өрттү катуу шамал менен кургакчылык да күчөтүп жиберди. Бир миң чарчы чакырымдан ашуун аймактагы токойлор керектен чыкты. Өрттү биротоло өчүрүш үчүн үч аптага жакын убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Азаттык