Бишкекте аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынын ролу талкууланат. Бул иш-чара базанын Кыргызстандын аймагында ачылганына 15 жыл болгонуна байланыштуу уюштурулууда.
Мындан сырткары, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттер менен Кыргызстандын кызматташтыгындагы актуалдуу маселелер тууралуу сөз болот.
Бул тууралуу аймактык эксперттерден куралган “Пикир” клубу кабарлады. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, күч түзүмдөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин, Орусия элчилигинин жана авиабазанын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эркин эксперттер чакырылды.
Канттагы авиабаза 2003-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимдин негизинде 23-октябрда расмий ачылган.
Былтыр 29-январда “Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда туруу шарттары жөнүндө” эки өлкөнүн ортосунда 2012-жылы түзүлгөн келишим күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы бир катар аскердик объектилери бириккен аскер базасына айланган. Ал үчүн Кыргызстанга жылына 4,5 миллион доллар төлөнөрү айтылып, бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирген.
Азаттык Медиа