Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин талдоочулары мамлекеттик бюджеттин чыгымдары үстүбүздөгү жылдын аягында 180 миллиард сомдон ашуунду түзөрүн, бул өлкөнүн ички дүң продуктусунун 30,1% ын түзөрүн айтышты. Бул тууралуу каржы министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстандын чыгашалары 14,5% га өсөт. Келерки жылы аналитиктердин божомолу боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 193,7 миллиард сомду түзөт. 2020 – жылы чыгаша 191,5 миллиард сомго чейин, ал эми 2021-190,9 миллиардга чейин болушу керек. Бул мамлекеттик казынанын ресурстарынын чектелүүлүгүнө байланыштуу.
Ошондой эле жакынкы үч жылда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын төмөндөшү байкалат. Ошентип, 2020-жылы ички дүң продуктунун дефицити 0,8% га чейин төмөндөйт.