2015-жылы АКШ соту тарабынан алты жылга абакка кесилген казакстандык Диас Кадырбаев мекенине депортация болду.
Бул тууралуу бейшембиде “Fox News” каналы миграциялык кызматтарга шилтеме берип кабарлады. 24 жаштагы Кадырбаев “2013-жылы Бостон марафону учурунда болгон терактты иликтөөгө тоскоолдук кылган” деп айыпталган. 30-октябрда расмий казак маалымат каражаттары анын Казакстанга кайтып келиши тууралуу билдиришкен.
Диас Кадырбаев менен кошо казакстандык дагы бир студент Азамат Тажаяковго да айып коюлган. Ал АКШда үч жарым жылга кесилип, 2016-жылы депортацияланып, Алматыга жеткирилген.
Үч киши өлүп, 260тан көп адам жарадар болгон теракт боюнча негизги айыпталуучу чечен улутундагы АКШ жараны Жохар Царнаев болгон. 2015-жылы ал кезде 21 жаштагы Царнаев өлүм жазасына кесилген. Терактты ишке ашыруу боюнча шек саналган агасы Тамерлан жардыруудан кийин полиция менен атышууда окко учкан.
булак: Азаттык