“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, расмий Астана Кытайдын бийлиги Шинжаң автоном районунда көрүп жаткан чаралар саясий туруктуулукту жана коомдук тартипти сактоого багытталган деп эсептейт.
Бул тууралуу Казакстандын БУУдагы өкүлү Жанар Айтжанова Адам укуктары боюнча кеңеште Кытайдын баяндамасын талкуулоо учурунда билдирген.
Казакстандын БУУдагы өкүлүнүн айтымында, учурда Кытайда 1,6 миллион казак жашап жатат.
Кытайдын баяндамасын талкуулоо БУУнун Женевадагы кеңсесинде тибеттикттер, уйгурлар, түркмөндөн, казактар катышкан нааразылык акциялары менен да коштолду.
Талкуу учурунда Батыш өлкөлөрү Кытайды Шинжаңда массалык камоо менен кармоону токтотууга чакырышты. “Биз Кытай өзгөчө Шинжаң-уйгур автоном районунда уйгурларды, казактарды, мусулман азчылыктарынын башка өкүлдөрүн кысымга алып жатканына кабатырбыз”, – деди АКШнын өкүлү Марк Кассайре.
Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Шинжаңда уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам аймакка алардын байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.
Ал эми Кытайдын улуттук азчылыктар саясаты боюнча Батыш эксперттери жандоочтон алынган сүрөттөргө таянуу менен Шинжаңдын аймагында адамдар жапырт кармалган 1000-1200дөй жай бар деп божолдошкон. “Ал жайларда бир миллиондой киши кармалып турат” деген эсептерге БУУ да кошулган.
Казакстанда Кытайдан көчүп келген казактар Шинжаңда камакта калган туугандарын бошотууга расмий Астанадан, БУУдан, Европа өлкөлөрүнөн жардам сураган акцияларды жыл башынан бери утур-утур өткөрүп келатышат.
Булак Азаттык