«Улуттук жыргалчылык фонду акционердик коому «Самрук-Казына» багытында Кыргыз Республикасында бир нече долбоорлорго кызыкдар. Бул туурасында бүгүн пресс-конференцияда Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов айтып берди.
«Самрук-Казына» акциясынын жалгыз ээси – бул казакстандык Өкмөт. Анын каражаттары ондогон миллиард доллар болуп эсептелет.
Бельяновдун айтымында, Кыргыз Республикасында энергетикага, ошондой эле алтын казууга тиешелүү бир нече долбоорлор каралууда.
Анын айтымында, «Самрук-Казына» жетекчиси менен болгон жолугушуу, фонддун Кыргызстан боюнча планы бар экенин айтты.
Евразия өнүктүрүү банкы интеграция боюнча аракеттерин колдоого даяр экендигин– башкармалыктын төрагасы белгиледи.