Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик чек ара тилкесинде «Каркыра-унаажолу» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, дал ошол Казакстан тарап чек араларды жабуунун демилгечиси болгон.
«Каркыра-унаажолу»(Кыргызстан) — «Кеген-унаажолу»(Казакстан) өткөрмө пунктун аба — ырайынын жана жол шарттарынын начарлашына байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө үчүн жабат», – деп билдирди МЧК.