Быйыл Чимкент шаары менен Түркстан облусунда ВИЧ жуктурган 57 кош бойлуу аял каттоого алынып, анын 44ү көз жарды.
Бул тууралуу «Азаттыктын” казак кызматына Чимкент шаардык СПИДке каршы күрөшүү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы үч жылда аймакта ВИЧ жуктурган аялдардан 535 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алар каттоого алынып, бир жарым жыл дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Учурда 535 бөбөктүн 320сы каттоодон чыгарылды. Он беш баладан ВИЧ илдети табылган. Калгандары медициналык көзөмөлдө.