Соц.тармактарда акыркы учурда эң башкы тема Орус-Украин конфликтисинин – Азов деңизиндеги украиналык кемелердин”колго түшүрүү” чыры жаңы барагы болууда. Кыргыз интернет айдыңында дагы бул чыр чоң талкууга алынды.
Керч кысыгында эмне болду?
25-ноябрь күнү дем алышта, Украина аскердик деңиз күчтөрү «Бердянск», «Никополь» жана кайгуул «Яны Капу» катерлери БУУнун суу укугу конвенциясын бузуу менен Оруссиянын мамлекеттик чек арасын бузуп кирип кетишкен. Чек арага кирип келген буксир менен катерлер орус чек арачыларынын кайрылган кайрылуусуна көңүл бурбастан коркунучтуу маневрлерди жасашкан деп билдирет, РИА Новости.
Чек арачылар курал колдонууга аргасыз болушат. Украиналык үч аскер жарат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Катерлер менен буксир Крым көпүрөсүнүн Керч кысыгында кемелер өтчү жерден 50 километр жакын жерден кармалган.
Кыскасы, Москва Украина кемелери Оруссиянын суу чек арасын бузган үчүн кармалышты десе, Киев менен дүйнөлүк коомчулук болсо украиналыктар мыйзамсыз кармалып, Оруссия агрессия көргөзүп жатат деп сындашууда.
Украинанын президентти Петр Порошенко өлкөдө аскердик убак киргизүү боюнча указга кол койду. Буга чейин Украинанын улуттук коргоо аскердик кеңеши дагы президентти колдоп, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү боюнча чечим чыгарышкан.
Кыргызстандагы көз караш
Интернетте өзгөчө ысык талкуу деле болгон жок. Кээ бир гана Валентина Пахман сыяктуу белгилүү блогерлердин посторунда гана талкуу болуп, төмөнкүдөй коментарийлер калтырылган. Ал өзүнүн постунда төмөнкү суроону көтөргөн.