No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 05.11.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.

Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чыгармачыл тобу катышты.

Tags: гуманитардык жардамКичи жана улуу Памирэкспедицияэтникалык кыргыздар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Инвестиционный рост Кыргызстана: сможет ли республика превратить иностранный капитал в экономическое развитие

05.11.2026
Кыргызстан

Министр здравоохранения Кыргызстана поддержал инициативу о запрете энергетиков

05.11.2026
Кыргызстан

Депутаты Кыргызстана предложили вдвое снизить штраф за сокрытие лица

05.11.2026
Новости

Мендель назвала коррупцию основой украинской экономики

05.11.2026
Кыргызстан

Жапаров поручил изучить возможность полного запрета энергетиков в Кыргызстане

05.11.2026
Кыргызстан

В России расширили список нарушений, за которые иностранцам грозит депортация

05.11.2026
Новости

На Украине арестовали медика, первой прибывшую к предполагаемой тайной тюрьме «Азова»*

05.11.2026
Безопасность

В администрации Трампа разошлись во мнениях о дальнейших действиях против Ирана

05.11.2026
Кыргызстан

Пожар в этнокомплексе «Супара Чункурчак» уничтожил три юрты

05.11.2026
Новости

Путин назвал русский народ и язык основой российской государственности

05.11.2026
Аналитика

Кыргызстан за пять лет добился масштабных преобразований и перешел к новому этапу развития

04.11.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире