Кыргызстанда КМШга катышкан өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 69-отуруму, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 31-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Өзбекстандын бажы кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ укук колдонуу тажрыйбасы тууралуу протоколдун 56-беренеси боюнча тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө, товарларды транзиттөөнүн, электрондук декларациялоонун, товарларды өткөрүүнүн бирдиктүү тутуму боюнча маселелер каралды.
“Мындан тышкары, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларды жеке колдонуу үчүн товарларга, тобокелдиктерди аныктоо жана минималдаштыруу, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасынын бирдиктүү стандарттарын түзүү боюнча бажы кызматтарынын бирдиктүү ык-амалдарын бекитүү маселелери каралды. Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда өткөрүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөр кеңеш тарабынан жактырылган. Мындан тышкары КМШ мүчө – мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттин тартиби жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилди”, – деп айтылат билдирүүдө.