Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды.
Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, алардын жетекчилиги астында аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө жакшы жагына өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди.
Ошондой эле вице-премьер бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында турган биринчи милдеттерге токтолуп, Улукбек Кочкоров менен Азамат Жаманкуловдун ишине ийгиликтерди каалады.
Буга чейин парламент Кочкоров менен Жаманкуловду министр кызматына жактырышканы маалымдалган. Кече, 26 октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков колун койгон.