Мас абалда унаа айдап бара жатып кармалган айдоочулар эми 17500 сом айыппулдан медициналык экспертизадан баш тартса да кача албайт.
Кыргызстанда, өзгөртүлгөн, жаңы кодекс күчүнө киргенден кийин мас абалда айдоо үчүн айыппулдун суммасы 17,500 сомду түзгөн, бул боюнча министирдин орун басары Жениш Разаков билдирген.
“Бүгүнкү күндө мыйзам боюнча, медициналык экспертизадан баш тартып, 5500 сом айыппул төлөнөт.
Ошондуктан айдоочу мас абалында экенин билсе да медициналык экспертизадан баш тартып, аз өлчөмдө айыппул төлөмөк. Ушул себептен кодекске өзгөртүү киргизүүнү чечтик. Эми, мас абалында кармалып же медициналык экспертизадан баш тартууда айыппул бирдей өлчөмдө төлөнөт.” кошумчалады Разаков.
Сүрөт: italia-ru.com