Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов, мектептердин курулушу үчүн бөлүнгөн 2 млн $ уурдаган деп шектелип, иши сотко жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтөт. Мурдагы мэрдин жактоочусу Сергей Слесарев, кардарынын иши бул сотко жиберилгендиги тууралуу билдирүүнү дагы деле алган эмес.
Жактоочу тергөө үстүртөн жүргүзүлгөн, эч кандай негиздүү далилдер жок экенин билдирип арыз менен кайрылган. Жактоочу, ага УКМК кызматкерлери кысым болгонун айткан. Слесарев анын кардары эч кандай күнөөсү жок деп ишенет.
Сүрөт: m.ru.sputnik.kg