Кувейт мамлекетинде жакында Кыргызстандын азыктар фестивалы болуп өттү. Анда, коон жана кожагат, төө буурчак салаттары, шабдаалы жана өрүк ар кандай фито-чай, алма менен алмуруттан шербет жана Кыргыз продукциясынан жасалган тамак-аш сыяктуу товарлар көрсөтүлдү.
Кыргыз жемиштерин дегустациялоодо Кувейттин импортерлору аталган продуктыларга кызыкдар болду.
Фестивалга айрым дипмиссиянын башчылары, жемиштерди импорттоочу компаниялар, соода борборлорунун жетекчилери “Lulu hypermarket”, дүң соода компаниясы “B2B Foodstuff Company W. L. L.”, авиакомпаниялар, ошондой эле элчиликтин өкүлдөрү досторду корреспонденттер жана блогерлер болду.
Кыргызстандын продукциясын заманбап демонстрациялоо ыкмасы, анын ичинде дегустацияны-жемиштерди, таттуулар жана жемиш коктейлдер, конокторду таң калтырып, кыргызстандын товарларынын аброюн көтөрдү.
Дегустациянын жүрүшүндө катышуучулар мындан ары өнүгүү жана айыл чарба продуктуларын Кыргызстандан жылдыруу боюнча формалдуу эмес аңгемелешүү өткөрүштү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынан Кувейт Мамлекетине продукцияны жеткирүү жана логистика маселелери талкууланды.
Фестивалдын жыйынтыгында катышуучулар республиканын инвестициялык, туристтик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен көрсөтүлүп жаткан видеоролик түрүндө тааныштырышты.