Ташкентте IV эл аралык PROlogue кинофестиваль өттү. Кинофестивалга жеңүүчүлөрдүн тизмесине Кыргыз Республикасынын актёрлору киргизилгени маалым болду.
Бул тууралуу өзбекистандын nuz.uz. басма-сөз кызматы билдирди
Жарыяланган маалыматка караганда, Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешкен кино лентада «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасында ойногон Аселдин ролун жараткан Мадина Taлипбекова «Мыкты актриса» наамын алды, жана мыкты актёр наамын – Акылбек Абдыкалыков – Темир Бирназаровдун – «Түнкү кырсык» тасмасында аткарган ролу үчүн.
Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан биргеликте улуу жазуучунун «Кызыл жоолук жалжалым» романынын негизинде тартылган. Тасма 6-декабрда чоң экранга чыгат. Кыргыз тилинде, жабык көрсөтүү өзбек тараптардын катышуусу менен Бишкекте 5-декабрда өтөт. Башкы эркектин ролу — Ильяс — Байсынын ролун — өзбек актёрлору Адиз Раджабов жана Улугбек Кадыров жараткан. Кадичанын ролун — Элина Абай кызы жараткан.
«Түнкү Кырсык» — тасмасы сүйүү темасы режиссёр Темир Бирназаровдан. Тасмада — жалгыз карыя жарадар болгон кызды жолдон түн ичинде таап алат. Карыя кызды дарылайт, бара-бара аны сүйүп калат. Бул ролду, тасмада Акылбек Абдыкалыков ойногон.
Сүрөт: uzbekistan.travel