24.kg маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү маалымдагандай 5-апрелден 7-апрелге чейин кыргыз-кытай чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында, «Торугарт-жолунда» жана «Иркештам-жолунда» жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы чек ара кытай тараптын демилгеси боюнча жабылган жана Кытайлар маркумдар күнүн майрамдоо менен байланыштуу экенин билдирди.
8-апрелде өткөрүү пункттарын кайрадан кадимкидей иштей баштайт.
Сүрөт: nia-spb.ru