Кыргызстандын парламенти Пекинден Кытайдын жарандарынын миграциясы жөнүндө катка жооп күтүп жатат. Бул маалыматты мыйзам чыгаруу органынын спикердин орун басары, Мирлан Бакиров билдирди.
Ошондой эле ал Кытай жарандарынын Кыргыз Республикасынын территориясында мыйзамсыз түрдө жашап жаткандыгы жөнүндө маселени көтүрдү.
Мирлан Бакиров митингге чыккандар менен сүйлөшүүдөн кийин Пекинден өлкөдөн чыгып жаткан жарандарын көзөмөлдөөнү күчөтүүсү жөнүндө расмий түрдө жооп алуу зарыл экендигин айтып өттү.
Бакиров берген маалымат боюнча нааразычылык көрсөткөндөр бир топ талаптарды коюшкан, алар төмөндөгүдөй: Кытай жарандарына берилүүчү визалардын санын кыскартуу, алардын кредиттерин текшерүү, кытай жарандарынын капиталы иштетилип жаткан ишканаларды текшерүү, ошондой эле өлкөдө мыйзамсыз жашап жаткан Кытайдын жарандарын тез арада депортация жолу менен өлкөдөн чыгаруу.
Мындан сырткары митингге чыккан эл Кыргызстандын паспортуна «улуту» деген графаны кайра киргизүүнү жана башка өлкөлөрдүн жарандарына кыргыз кыздарын турмушка бербөөнү талап кылып өтүштү.
Депутаттар акциянын катышуучуларынын оюн угушту. Вице-премьер Алтынай Омурбекова өлкөдө бирдиктүү виза саясаты жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Белгилүү маалыматтар боюнча 2018 жылы эмгек визасын кваота боюнча он эки миң чет элдик жарандар алган, алардын ичинен тогуз миңи Кытайдын жарандары.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бийлиги Пекинден расмий түрдө жооп алгандан соң митингге чыккандардын талаптарын эске алып, бул маселе боюнча олуттуу иш алып баруусун айтып өттү.
Сүрөт: kg.akipress.org