Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, бүгүнкү күндө жер көчкү коркунучу жогору аймактар тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго билдирди. Ал билдиргендей, учурда 1200 райондо 4 миң киши көчкү коркунучта жашайт билдирди.
Президент кырсыктарды алдын алуу үчүн ушундай аймактарда жашаган калкты убактылуу көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырды.
Президент, ошондой эле ал жерде жашаган адамдар үчүн маалымат иш-чараларды өткөрүү жана мезгил-мезгили менен коопсуздук чаралар жөнүндө сабак өтүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи.
“ӨКМ мындай иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүшү керек, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу боюнча максат болушу керек.”, – деп айтты Жээнбеков.