Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Чыр-чатак Баткен районунун Таш-Тумшук айылында эртең менен болгон.
«Тажик тарап чек аранын такталбаган тилкесиндеги жолдорду асфальттай баштады. КР чек арачылары эскертүү катары абага ок аткан, анткени тажик тарап талаптарга баш ийбей, иш жүргүзүшкөн, чек арачыларга таш менен урууга аракет жасашкан», — дешти ведомстводо.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин, абал турукташкан.
«Абал туруктуу, адамдар тарап кетти. Чек арачылар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүлдү. Алар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анткени бул иштер макулдашылбаган болуп баштагандыктан жолду асфальттоо иштери токтотулган», — деп кошумчалады МЧК.