Баткендеги кыргыз-тажик чегинде эки өлкөнүн жарандары чатакташып кетти. Бул туурасында kaktus.media маалымат агенттиги билдиришти.
Жаңжалдын чыгуусуна Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгону айтылат. Окуя Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын айылынын тургундары ортосунда болгон.
Учурда кырдаалды эки тараптын чек арачылары көзөмөлдөп турат. Ошондой эле жетекчилери кырдаалды жөнгө салуу боюнча өз ара сүйлөшүшкөнүн билдирди Чек ара кызматы.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланат.