Кыргыз жеринде туулган Ильзат Ахметов футбол боюнча Орусиянын улуттук курамасына чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ильзат Ахметов Германия менен Швецияга каршы беттештерге Орусиянын кеңейтилген курамы кирди.
Орусия-Германия жолдоштук беттеши 15-ноябрда Германиянын Лейпциг шаарында өтсө, Орусия-Швеция беттеши Улуттар Лигасынын алкагында 20-ноябрда Швециянын Сольна шаарында өтөт. Орусия курама командасы машыгууларын 12-ноябрдан тарта Новогорск шаарында өткөрөт.
Айта кетсек, Ильзат Ахметов буга чейин Орусиянын жаштар курама командасында 6 беттеш өткөрүп, 2 гол жараткан. Акыркы голун Ильзат Ахметов Европа чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Македонияга каршы беттеште киргизген.
Орусиянын кеңейтилген улуттук курама командасы:
- Дарбазачылар:
- Маринато Гилерме (“Локомотив”), Андрей Лунев (“Зенит”), Антон Шунин(“Динамо”).
- Коргоочулар:
- Георгий Жикия (“Спартак” ), Федор Кудряшов, Егор Сорокин (“Рубин”), Роман Нойштедтер (“Фенербахче” Турция), Константин Рауш (“Динамо”), Андрей Семенов (“Ахмат”), Кирилл Набабкин, Марио Фернандес (“ЦСКА”).
- Жарым коргоочулар:
- Ильзат Ахметов (“ЦСКА”), Юрий Газинский (“Краснодар”), Александр Головин(“Монако” Франция), Роман Зобнин (“Спартак”), Александр Ерохин, Далер Кузяев( “Зенит”), Алексей Ионов (“Ростов”), Руслан Камболов (“Рубин”), Алексей Миранчук, Антон Миранчук (“Локомотив”), Денис Черышев (“Валенсия”, Испания).
- Чабуулчулар:
Артем Дзюба, Антон Заболотный (“Зенит”), Дмитрий Полоз (“Рубин”), Федор Чалов (ЦСКА).
Булак: Супер инфо