Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.
Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мамлекет тарабынан 24 миллион АКШ долларын алуу каралган.
Келишимдин шарттарына ылайык сумманын жарымы грант катары, калган жарымы кредитке берилет.
«Каржылоо мамлекеттик бюджетти колдоого алуу үчүн колдонулат», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, Кыргызстан жана каржы уюмунун ортосундагы макулдашууга 14-ноябрда Бишкекте кол коюлган.
Президент инвестиция тартууга кызыкдар
2 жумадан кийин ал Жогорку Кеңешке ратификациядан өттү.
Сүрөт: akchabar.kg