Россиянын борборунда 19-ноябрда өтүүчү Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы үчүнчү өлкөлөрдө катталган авто унаалардын бажылык тариздөө үчүн жеңилдетилген мезгилди узартууга тиешелүү маселени талкуулоону ниеттенүүдө. Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чечим коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Кыргызстандык авто унааларды жеңилдетилген бажы алымдары өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан тарта токтоп калат. Соңку жылдан тартып ЕАЭБдин тарифтери иштей баштамакчы, анын натыйжасында бажыдан бир нече эсе кымбат болот.
Буга чейин экономика министри Санжар Муканбетов биздин мамлекеттин аймагында ЕЭК бажы алымдарынын мөөнөтүн Кыргызстандын коюмдары боюнча автомобилдерге узартууну сурап алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.