Ар кайсы мамлекеттеги паракорлуктун деңгээлин аныктоо үчүн көз карандысыз уюмдардын адистери бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө сурамжылоо кылат.
Дүйнөлүк экономика форуму октябрь айынын аягында коррупция индекси боюнча жыл сайын жарыялоочу отчетун эл алдына алып чыкты.
Отчеттогу маалыматтарга караганда, 30 жана андан төмөн упай алган 30 өлкөнүн ичинде көбүнчө Африка, Борбор Азия жана Түштүк Америка мамлекеттери бар. Мисалы, 30 упайдан Иран, Украина жана Гамбия топтогон.
Россия, Парагвай, Мексика, Лаос, Гондурас сыяктуу өлкөлөр 29 баллдан алышкан. Баса, булардын арасынан Кыргызстанды дагы көрүүгө болот.
Гватемала, Бангладеш, Мавритания, Ливан жана Кения — 28, Гвинея, Нигерия — 27, Уганда, Никарагуа — 26, Мозамбик, Камерун 25 баллдан алышкан.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коррупциялашкан өлкөлөрдүн ичинде 21 балл алган Тажикстан бар.
Паракорлук эң көп кездешкен төрт өлкө деп Чад (20), Ангола (19), Венесуэла (18) жана Йемен (16) табылды.