Орусия Кыргызстанга аскердик техниканы берет. Атап айтканда, Ми-8 МТВ эки тик учагы жана акысыз негизде жети бронетранспортерлор.
Техника республикага келген, бирок, аскердик техниканы расмий түрдө берүү 29-апрелде болот.
Эске салсак, Россия Кыргызстанга эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы «Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө» Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында берген аскердик техниканын экинчи бөлүгү.
Аталган Макулдашуунун биринчи этабынын алкагында Орусия тараптан автомобилдик жана инженердик техникалардын 123 бирдиги берилди.
Сүрөт: yandex.ua