КМШ Антитеррордук борборунун пресс-бюросунун маалыматы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн «Арарат-Антитеррор-2019» атайын кызматтарынын биргелешкен машыгуусу Шериктештиктин жети мамлекетинин аймагында ушул жылдын сентябрында өтөт.
Машыгуунун эки жыйынтыктоочу этабы 2019-жылдын сентябрында Арменияда болот.
Биргелешкен машыгууларга Өзбекстандын, Армениянын, Беларусиянын Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын коопсуздук органдары жана атайын кызматтары катышат.
Шейшемби, 9 – апрелде, Армениянын борбору Ереванда «Арарат-Антитеррор-2019» машыгууларына даярдык боюнча штабдык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жолугушуунун алкагында иш-аракеттердин планы жана аларды өткөрүүнүн ырааттуулугу, Бириккен командачылыктын жана Күчтөрдүн курамы талкууланды.
Негизги этаптарды өткөрүү мөөнөтү такталды.
Тараптар КМШга катышкан мамлекеттердин чек арасына жакын жердеги оперативдик кырдаалга өз көз караштарын алмашышты.
Мындан тышкары, эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн тактикасы жана ыкмалары өзгөргөнүнө байланыштуу өтө курч коркунучтар тууралуу пикир алмашуу жүрдү.
Машыгуунун темасы отун-энергетикалык комплекстин объекттериндеги теракттарды аныктоо жана бөгөт коюу болуп калды.
Мындан тышкары, негизги көңүл шарттуу террористтерди жана алардын кошо катышуучуларын аныктоого жана зыянсыздандырууга багытталган алдын алуучу оперативдүү иш-чаралардын мазмунуна багытталат.