Кыргызстандын президентти Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолугушту.
Жолугушуу Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына келген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушту.
Маектешүү достук маанайда өтүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды.
«Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында келерки жылы конструктивдүү диалогду улантууга жана колдоого даярмын. Мен Сиз менен дагы бир жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта болом», — деп баса белгиледи Жээнбеков жана кыргыз тарап 2019-жылдын июнь айында ШКУ мамлекеттер башчыларынын Саммитинин алкагында анын Бишкекке визитин күтөөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду.
Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууну сунуш кылды.
Булак: NazarNews.kg