Кыргызстанда пахта терүүгө балдар 4-7 жашынан иштеп башташат. Бул тууралуу (МОТ) Эл аралык эмгек уюмунун консультанты Инесс Бенчик айтып өттү.
Анын айтымында, балдарды эмгекке 5-17 жаштан башташат. Акыркы убакта алар барган сайын коркунучтуу ишканаларында иштеп жатышат. Эксперттердин изилдөөсүндө, балдар тамеки, күрүч, картошка, жаңгак, буурчак жана пахта өндүрүү боюнча балдар эмгектенүүдө. Изилдөө бул алардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүдө экенин көрсөттү.
«Пахтага келсек, балдар түшүм жыйноо негизинде иштешет. Бирок, күнүнө бир чоң адам 82 килограмм пахта тере ала турган болсо, анда балдар – 20-25 кг. Пахта терүүгө төрт жаштагы балдар кирет, бул алардын ден-соолугуна таасир тийгизүүдө», – деп билдирди Инесс Бенчик.
Сүрөт: yandex.ua