Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын январынан июль айына чейинки мезгилде ИДП 284,4 миллиард сомду түзгөн, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,9% га жогору. Бул тууралуу маалыматтарды Улуттук статистика комитети берди.
Комитеттин маалыматы боюнча, «Кумтөр» кенин иштетүүчү ишканалар көңүлгө алынбай калса, ИДПнын көлөмү 251,8 миллиард сомду түзүп, 3,1% га көбөйдү.
Биздин өлкөдө ички дүң продуктунун көбөйүшү бүтүндөй алганда өнөр жай, курулуш, айыл чарба тармактары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү менен шартталган.
Тармактык товардык өндүрүштүн көбөйүү темпи 2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда 113% ды түздү.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилге карата товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ИДПнын түзүмүндө 2,7% га жогорулап, 38,7% ды түздү. Кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 1,1% га жогорулаган, алар 46,5% ды түздү.