А.Осмонов атындагы Кыргызстандын улуттук китепканасында 2030-жылга чейин маданиятты өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасы талкууланды. Иш-чарага биздин мамлекеттин бардык чыгармачыл союздарынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Программанын долбоорунун катышуучулары алдында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тааныштырды. Презентацияда ал 2030-жылга чейин чечүү керек болгон негизги маселелерди өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Программанын негизги милдеттери жана артыкчылыктары айтылды.
«Программа тармактык принцип боюнча стратегиянын алкагында иштелип чыккан негизги ченемдик документтердин бири болуп калат. Программа маданияттын бардык тармактарын алдыга жылдырууга өбөлгө боло турган стратегиялык документ болуп саналат», – деп кошумчалады министр.
Бул маселе боюнча кийинки отурумду кийинки жылы бардык сунуштарды, толуктоолорду эске алуу менен өткөрүү пландаштырылат.