7-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык айдоочулар (ОСАГО) полисин ала башташы керек.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСАГО) эң жогорку баасы бир жылга 13 миң сомду түзөт.
Билдирмеге караганда, камсыздандыруу полисинин орточо тарифи бир жылга 2000 сомду түзөт.
“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (ОСАГО) мыйзамы ушул жылдын 7-февралынан тарта күчүнө кирет. Полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынат.
Бирок айып пул мыйзам күчүнө кирери менен салынбайт. Финкөзөмөл кызматы шашпай, тынч камсыздандыруу компаниясын тандап, полис алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн айдоочуларды 7-августка чейин акчалай айыпка жыкпай туруу сунушун киргизүүдө.
Сүрөт: ru.sputnik.kg