Жалал-Абад облусунда жергиликтүү 1000-адам өзгөчө үйлөнүү аземине күбө болушту. Бег-Абад айылынынын жашоочусу кымбат машиналарды жана лимузиндер ижарага албай, оор жүк унааларына буйрутма берген.
Артур Жумабаев, күйөө бала жана үйлөнүү тойдун уюштуруучусу. Колуктусун жана конокторду жүк ташуучу унаа жана автобус менен алып келген.Жаш жигит Барпы айылында 1995-жылы туулган. Балалык кезинен бери оор унааларды айдоону тилек кылган. Бир нече жыл бою, ал чет өлкөгө түрдүү жүк ташыйт. “Адатта, биз үйлөнүү аземи үчүн, ар түрдүү кымбат баалуу унааларды ижарага алабыз. Бирок, мен кортежди жүк ташуучу унаадан түзүү кызык идеясы пайда болду, Досторум менен бөлүшсөм алар мени толугу менен колдошту.” деп билдирди, Жумабаев.
Сүрөт: turmush.kg