Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Ички иштер министрлигинин санариптештирилген командалык борборунун даярдыгынын жүрүшүн жеке өзү текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган борбор жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо жана коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн видеобайкоо системасын күнү-түнү интеграциялоого мүмкүндүк берет. Борборго адамдарды таануу системасы киргизилет.
Ошондой эле объектиде кызмат өтөөнүн сапатын онлайн режиминде жана жарандардын суроолоруна кыска мөөнөттө көзөмөлдөй турган кырдаалдык сектор ишке киргизилет.
“Командалык борбордун иши санариптештирүү саясаты жакшы көрсөткүч алып келип, биздин жарандардын жашоосуна таасирин тийгизе тургандыгынын көрүнүктүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калат.
Ар бир бала-бакча, мектеп, аймактык, чейрек ичинде коопсуздукту камсыз кылуу абдан заманбап технологияларды колдонуу менен, биз укук коргоо органдарын таптакыр жаңы образын жаратуубуз мүмкүн” , – деди өкмөт башчы.
Министр ошондой эле борбордун имаратын бардык зарыл техника жана программалык камсыздоо менен жабдууну тапшырды.