Курултайдын уюштуруучуларынын бири мурунку өткөөл учурдун президенти Р.Отунбаева деген ойлор бар. Эмилбек Каптагаев, Кенешбек Дуйшебаев, Бакыт Кошалиев, Азимбек Бекназаров сыяктуу бийликке кайтып келүүнү эңсеген мурунку саясатчылар, курултайга катышаарын билдиришти. Бул саясатчылар буга чейин Кыргызстанда болуп өткөн эки төңкөрүштүн активдүү катышуучулары болушкан. Булар үчүн бийликти басып алуу жаңы иш эмес, ошондуктанбы буларды тамаша катары хунта деп атап койгон учурлар да бар. Ошону менен катар эле бул төңкөрүшчү саясатчылар, Отунбаева баш болуп, АКШнын мамдепартаменти менен тыгыз байланышта болуп, алар сызган чийинден чыгышпайт. Курманбек Бакиев бийликтен кубалангандан кийин убактылуу учурдун президентти катары Отунбаева шайланганда, бул америкалык чалгын кызматынын эң бир жемиштүү ишинин натыйжасы болду деп аташкан.
Курултайга кайтсак, анда элдин маанайын чагылдырып, залды толтуруп берүү тапшырмасын өкмөттүк эмес сектор аткарат. Курултай аншлаг менен өтөөрүнө ишеним чоң, себеби, ал жерде укук коргоочу жана либералдарбыз деп өздөрүн атагандар кызыл тилин кайрып сүйлөшөт. Кызыгы, кичинекей Кыргызстанда Өкмөттүк эмес уюмдардын саны 15 миңден ашып, официалдуу түрдө каталышкан, бул өтө эле көп. Аларды уктап жаткан ячейкаларга салыштырса болот. Кээде сыр билгизбей өздөрүн тынч алып жүрүшсө, сырттагы кожоюндарынын командасы менен заматта ойгонушуп, саясий-коомдук абалды бузуп будуң-чаң уюштуруп киришээри айдан ачык.
Курултайдын күн тариби азырынча билине элек, балким АКШ тарап менен бул багытта толук сүйлөшүүлөр бүтө элек. Ошону менен катар эле, сыртка чыгып кеткен маалыматтарга таянсак, алар бир учурда мурунку президент Атамбаевти дагы, азыркы президент Жээнбековту дагы сокку уруп алсыраткылары келээри белгилүү. Эки тарап бири-бири менен күрөшө берип, бири-бирине компроматтарды ыргытышып, өздөрү деле тактыга жаңы кызыккандардын пайда болгонун байкабай калышса керек.
Кыргызстанда Нуландын таттуу токочторун таратыла элек, бирок, бул боюнча катуу ойлонуп атышат. Батышчыл мамдептин акчасы менен жащаган ЖМКлар болсо, күн санап, улам улам эки тараптын кыл чайнашына өрт коюп, активдүү иштеп атышат.
Курултайдын жана чет өлкөлүк агентуранын максаты, учурдагы башкаруу системасын жок кылып, саясий конкуренттерди жок кылып, бийликке келүү каалоосун орундатуу. бешинчи колонна болсо, абалды ысытып, жазгы толкундоолорго даярдоодо. Бирок, мындан башка дагы сценарийлерди күтсө болот, себеби, буга чейин батышчыл укук коргочу тарабынан азыркы президентке импичмент кылуу боюнча ойлор айтылган.
Чынында, бир дагы саясий иш-чара сырттан колдоосуз өтпөйт. Ушул багыттан алып караганда бул курултайга ким режиссерлук кылып, ким спонсор болуп жаткандыгы көрүнүп эле турат.