Диний кызматкерлер өзүлөрүнүн баян, сабак жана насааттарында – Кыргызстандын калкынын 80-90 пайызы чыныгы мусулман экендигин кайталап айтып келишет. Мындай факт, дин көз карашынын Кыргызстандыктардын жашоосуна басымын күчөгөнүн билдирип, өзүн ислам дининен сырткары эсептеген жарандардын тынчсыздануусун пайда кылат. Бирок, мындай бүтүм чыгаруу чындыкка дал келеби?
Акыркы кездерде дин темасы Кыргызстандын маалымат айдыңында көп көтөрүлүп, соц.тармактардын колдонуучуларынын айыгышкан талкуусуна алып келүүдө. Мындай учурларда, талкууга катышкандар сөзсүз түрдө бири-бирине күнөө коюуп жеке чырлашууга жетип, ансызда оор абалды биротоло курчутуп жиберишүүдө.
Ошону менен бирге эле, мамлекеттик мекемелер мамлекет өз киндигин кесип, эгемендигин алгандан бери, өлкөдө мечиттин саны абыдан эле көбөйгөнүн кабарлап келишет. Жума намаз учурунда шаарлардын көчөлөрүн авто-тыгын каптап, унаа токтотуучу жайдын жетишсиздиги абалды мышык ыйлаган ахыбалга алып келет.
Ал эми, жылда бир канча ирээт шаарлардын борбордук аянттарында Айт намазын окуу үчүн миңдеген адамдар чогулса, ажылыкка баруу тизмесинде болсо дайыма узун кезек күткөндөр өксүп калбайт. Ажылыкка баруу бир канча миң долларды сарп кылаары белгилүү болсо да, меккеге барып өз милдетин аткарып келүүчүлөрдүн саны аз эмес.
Жогоруда айтылган себептер, дин көз карашынын Кыргызстандыктардын жашоосуна басымын күчөгөнүн билдирип, өзүн ислам дининен сырткары эсептеген жарандардын тынчсыздануусун пайда кылат. Кыргызстанда диний изилдөөлөр өтө аз болгондугун эске алганда, мындай бүтүм чыгаруу чындыкка дал келеби? Дин кызматкерлери кайсы булактарга таянып ушундай чечимге келип жатышкандары белгисиз. Демек, «Кыргызстан – мусулмандардын өлкөсү» деген бүтүм чыгаруу жалпак тил менен айтканда – талаштуу.
Себеби, өлкөдөгө динге берилген инсандардын саны жана алардын канчалык денгээлде динге берилгендигин эсеби жокке эсе: Кыргызстандын дин багытында мындай суроолорго чекит кое турган, так сан жок. Жарандардын канчасы канча жолу, кайсы убакта мечиттерге бараарын, кайсыл жамаатка кирээрин, кайсыл жамаат көбүрөөк калкка таасир этээрин тактап чыккан илимий изилдөөлөр дагы жок.
Бул багытта иш алып барган эксперттер, мындай иштерди каржылоо аздыгын жана так маалыматтардын жоктугунан улам ушундай кырдаал түзүлгөнүн айтышат.
Коомчулук бул маселе боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда мечиттердин саны 70 эсе көбөйгөнүн гана билишет.
Бирок, мусулман деген ким? Кыргыздар менен мусулмандардын кандай байланышы бар?
Көпчүлүк өзүн мусулман катары эсептеген жарандар, ар кандай диний чакырыктарды жөн эле кабыл ала коюшпайт.
Мисалы, буга чейинки мезгилдерде эл салттуу эмес ислам динин карманып келишкен. Азыркы кезде да, көпчүлүк кыргыздар араб тилинде сүрөө окуганы менен, бата жасап, «арбактардан» үй-бүлөсүн сактоону жана туура жолду көргөзүүнү суранышат. А мындай көрүнүш Ислам дининде таптакыр туура эмес.
Ислам маданияты менен Кыргыздардын маданиятынын ортосунда көптөгөн карама-каршылыктар бар. Бирок, ал карама-каршылыктар ислам динин жаңы агымдары, жаңы көз караштары келгенге чейин, өтө деле байкалчу эмес.
Азыркы ишеним боюнча, мусулман – бул Исламдын бардык устунун колдогон, беш убак намаз окуган, алкоголдук ичимдиктерди жана башка дин тыюу салган буюмдарды колдонбогон инсан. Анткен менен, коомчулукта мусулмандардын эки «чыныгы» жана «мезгилдүү» түрү бар. Бири «мезгилдүү» же болбосо «тийди-качты» мусулман – бул Исламды колдойт, намазды анда-санда окуйт, жума намазга кээде гана барат, орозону дайыма кармабайт жана алкоголдук ичимдиктерди колдоно берет.
Көбүнчө, жөнөкөй кишилер өздөрүн жөн гана жалгызыдыгынан, дүйнөдөгү чоң иш-чаранын бөлүгү болгусу келгендиктен гана өзүн мусулмандарга кошуп коет дагы, диний иш-чаралардын бардыгына эле бара беришпейт. Коомчулукта мусулман менен кыргыз деген түшүнүк бирдей – деп эсептегендер да бар. Тактап айтканда, төрөлгөндө эле кыргыздар мусулман болуп төрөлөт деген түшүнүк. Бул түшүнүктү бузуп чыксаң, коомдо статусуң түшүп, до, тууган, тааныштарыңдан четтеп калышың ыктымал.
Жогоруда кеп кылынгандай, илимий так изилдөөлөрдүн жоктугуна байланыштуу биз – «Кыргызстан мусулмандардын өлкөсү», деп так кесе айта албайбыз. Бирок, так ушул ишенимди колдонуп, ар кандай диний экстремистик уюмдар, карапайым калктын башын айландырып, өз максатына жараша колдонуп алаары белгилүү.