Кыргызстан Россиянын Саратов шаарында 8-16-сентябрда өтө турган өрт-куткаруу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат. Иш-чарага ошондой эле 26 өлкөдөн өрт өчүрүүчүлөр катышат. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, иш-чарага бир катар мамлекеттердин Өзгөчө министрликтердин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Турнирлер Республиканын өрт-куткаруу эл аралык спорт колдоосу астында өткөрүлөт. Таймашууда дүйнө жүзүндөгү 600 дөн ашык куткаруучулар болмокчу.
Мындан тышкары ведомстводо катышуучулар үчүн атайын маданий программа даярдалганын баса белгилешти.
Эске салсак, Кыргызстандын куткаруучулары мындай эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышып, эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келе жатат.