Кыргыз Республикасында Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Күчтөрүнүн аскер машыгуулары болот. Мындай билдирүү ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) көчмө жыйынында жасалды.
Уюмдун башкы катчысы Валерий Семириков белгилегендей, ЖККУ мүчө-өлкөлөр Биргелешкен аскердик машыгууну өткөн жылы эле өткөрүүгө макулдашышкан.
Бардыгы болуп алты тактикалык окууларды өткөрүү пландаштырылган: РФда үч, Тажикстан Республикасында эки, ошондой эле Кыргыз Республикасында бир маневр.
Отурумдун катышуучулары белгилегендей, бул аскер машыгуулары ЖККУ алкагында өз-ара аракеттешүүдө маанилүү роль ойнойт. Алар Борбордук Азиядагы туруксуздуктун очогу болуп саналган Ооган чыр-чатагын жөнгө салууга багытталган.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландаштырылган иш чаралар каралды. Тактап айтканда, 2019-жылдын күзүндө форум өтө тургандыгы белгиленген, анын алкагында уюмдун мүчө мамлекеттеринде болуп жаткан коомдук-саясий кырдаал талкууланат.
Парламент Аралык Ассамблеясынын бюджети 72% ишке ашырылганын Тараптар баса белгилешти.
100 пайыз төлөмүн Казакстан Республикасы 2019-жылдын башында жүргүзгөн. Төлөмдөрдү киргизүү тууралуу айта турган болсок, тараптар алардын көлөмү жогорулатуу пайдасына өзгөртүлүшү мүмкүн экендигин, ошондой эле инфляцияны эске алуу менен ченине түзөтүүлөрдү киргизе тургандыгын белгилешти. Мүчөлүк акы ЖККУ ПАА катчылыгынын кызматкерлерине акчалай күтүү көбөйтүлүшү менен байланыштуу жогорулайт.
Сүрөт: inbusiness.kz