Кыргызстандын Австрия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Жусупов Венадагы дипломатиялык академиядагы окуу жылынын башталышынын салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш чарага Австрия Улуттук кеңешинин башчысы Вольфганг Соботка ардактуу конок ролунда сөз сүйлөдү. Ага дипкадемиянын жана дипкорпустун студенттери, профессордук-окутуучулук курам, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Окуу жайдын ректору-элчи Эмиль Брикс-өз сөзүндө мекеменин тарыхы жана анын келечектеги пландары жөнүндө айтып берди. Ушул мезгилде дүйнөнүн 49 мамлекеттеринин 205 студенттери академиянын угуучулары экендиги тууралуу да сөз болду. Элчи быйылкы жылы Венадагы дипакадемияга кирген мекендештерибиздин биринчи жолу тапшырган экендигине басым жасады.
Салтанаттуу аземинен кийин Бакыт Жусуповдун академиянын жетекчилери менен жолугуусу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда элчи көмөктөшкөндүгү жана ишке ашырылган жалпы долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирди. Атап айтканда жаш дипломаттар үчүн курстар, дипкадемиянын 12 студенттери биздин өлкөгө баруусу, ошондой эле жазуучунун Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жана 2018-жылы өткөрүлгөн чыгармачылык кече.
Маектештери ошондой эле келечекке эсептелген жалпы пландарды жана мүмкүн болгон программаларды сүйлөштүк.