Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов катышты.
Басма-сөз бөлүмүнүн маалыматы боюнча, майрамдык салтанат “Өзбекстан” эл аралык спорт сарайында өттү , анда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев, мамлекеттик жана коомдук мекемелердин өкүлдөрү, парламенттин, өкмөттүн жана дипкорпустун мүчөлөрү катышты.
Салтанат учурунда Шавкат Мирзиеев катышуучуларды жана өлкө жарандарын Өзбекстандын эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады. Майрамдык иш-чара искусство чеберлеринин жана ар түрдүү артисттердин катышуусунда концерттик программа менен уланды.
Ошондой эле, Ибрагим Жунусов жана элчилигинин өкүлдөрү катышкан элдик салтанаттуу контекстте элчи, Өзбекстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздардын лидерлери менен жолугушту. Ал ошондой эле майрамдык концертке күбө болуп, элдик-прикладдык көргөзмөгө барды.