КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бактыгуль Жеенбаева мамлекет башчысына мамлекеттик каржылоонун азыркы абалы жөнүндө маалымат берди. Корголгон беренелер боюнча кечиктирүүлөр жок экенин айтты.
Мөөнөтүндө соттук-укуктук системаны реформалоону өткөрүү боюнча долбоорлорду каржылоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү ишке ашырылууда. Ар бир райондук борбордо 3 км жол куруу жана оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Каржы министри Сооронбай Жээнбековго быйылкы жыл ичинде мектеп мугалимдеринин айлык акысын көтөрүү пландаштырылып жаткандыгы туурасында айтып берди.
Анын айтымында, салык жана бажы төлөмдөрү мамбюджеттен артта калууда.
Мамлекет башчысы мамлекеттин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууда мамлекеттик финансыларды жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу артыкчылыгы болушу керектигин белгиледи.
Ал белгилегендей, мамлекеттик-жеке керектөө компаниясынан финансылык каражатты кайра кыргызстандыктарга ипотекалык насыяларды бере баштоосу үчүн тийиштүү мөөнөттө берилиши керек.
Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджетке жыйымдар боюнча план аткарылбай калган мамлекеттик органдарга карата тийиштүү чараларды көрүү керектигин билдирди.