Оюн Дубайда жайгашкан ” Мактум Бин Рашид Аль Мактум” стадионунда болуп өттү. Биринчи матчтын эсеби боюнча Виталий Люкс Кыргызстандын пайдасына 24 минутада бир гол киргизди. Экинчи матч учурунда да Люкс 51 минутада 2чи гол киргизди. Жыйынтыктоочу үчүнчү голду да ушул оюнчу киргизген. Ал эми Филиппиндердин курама командасынан жалгыз голду анын капитаны Штефан Шрёк матчтын 80минутасында киргизген.
Жыйынтыгында,
Кыргызстан 3:1 эсеби менен утушка ээ болду. Ушуну менен Кыргыз Республикасы көп жылдардан кийин “Азия Кубогу” финалына жолдомо алды.
Эстете кетсек, оюндун биринчи турунда Кыргызстандын курама командасы кытайлардан утулуп калган. Ал эми 2чи турда Түштүк Корея утушка ээ болгон. Бирок Филиппиндер менен болгон оюнда утушка ээ болгондугу учун команда 1/8 чейрек финалга чыгат.
Сүрөт: sputnik.kg